Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Окуялар

Бул жерден сиздер туруктуу өнүгүүгө, экологияга жана жашыл экономикага арналган, болуп өткөн жана алдыда күтүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө биле аласыздар. Биз эксперттер менен жаштарды жана кызыкдар тараптарды чогултуп, инновациялык чечимдерди жана биргелешкен иш-аракеттерди табуу үчүн талкууларды, форумдарды жана тренингдерди уюштурабыз.

Өткөн окуялар

Бишкекте 2025-жылдын 3-апрелинде имараттардын энергетикалык классын эсептөөнүн жаӊы инструментин өздөштүрүү боюнча тренерлер үчүн тренингдердин (ToT) гибриддик онлайн-оффлайн окутуу сериясынын экинчи сессиясы болду.

2025-жылдын 28-мартында Бишкекте имараттардын энергетикалык натыйжалуулук классын эсептөөнүн жаӊы инструментин өздөштүрүү боюнча онлайн-тренинг өттү.
Тренингдер энергетика, энергия натыйжалуулук, курулуш, жылуулук техникасы жана имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча сертификатталган адистерди, архитекторлорду даярдаган жогорку окуу жайларынын окутуучуларына жана ушул тармакта иштеген эксперттерге багытталган. 

Тренинг Мамкурулуштун аймактык адистеринин жана жашыл курулуш жана энергияга үнөмдүү чечимдер жаатындагы кызыкдар тараптардын потенциалын чыӊдоого багытталган. Катышуучулар окуудан реновациянын заманбап ыкмалары, энергиянын альтернативдүү булактары, энергия натыйжалуу жабдуулар жана имараттарды комплекстүү жылуулоонун жолдору жөнүндө практикалык билим алышат.

Тренинг курулуш тамагындагы архитекторлор, долбоор түзүүчүлөр жана инженерлер сыяктуу адистердин энергияны үнөмдөө жаатындагы компетенциясын жогорулатуу максатын көздөйт. Катышуучулар энергия үнөмдөөнүн заманбап ыкмалары, энергосертификациянын ченемдик-укуктук базасы жана сертификаттоочу адистерди аккредитациялоо жол-жоболору менен таанышышты.

Pages

Бизге жазыӊыз