Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

2014-2015-жылдын кыш мезгилинен өтүүгө ыӊгайлашуу боюнча калк арасында маалымдуулукту жогорулатуунун жалпы улуттук кампаниясы

Локация:

Колдоо: 

GIZ

Статус: 
Аяктаган

Содействие повышению информированности населения Кыргызстана и его способности пройти/пережить осенне-зимний период 2014/2015 года с минимальными потерями для экономики домохозяйств;
Распространение знаний среди населения по вопросам управления водными и энергетическими ресурсами и сельскохозяйственным производством;

Долбоордун өнөктөштөрү: 
  • Кыргызстандын климаттык тармагы (ККТ)
  • Энергияны керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдук борборлорунун тармагы;
Кызматтардын тизмеси: 
  • Калк үчүн күз-кыш мезгилинен өтүү боюнча конкреттүү жөнөкөй кеӊештер жазылган брошюра даярдоо
  • Кыргыз Республикасынын бардык айыл аймактары боюнча коомдук лекцияларды өткөрүү
  • Кошумча бөлүнгөн жылуулукту сактоо жана колдонуу үчүн салттуу түзүлүштөрдү жайылтуу (термос түйүнчөк, шам жылыткычтар)
  • Турак жайды көрсөтмөлүү жылуулоо
  • Кыргызстандагы үй чарбалардын жашоо деӊгээлине жана 2014/2015-жылдын кышындагы энергокризистин коркунучтарына талдоо жүргүзүү
Натыйжасы/ Жыйынтыгы: 
  • «Кышка даярдануунун жөнөкөй жолдору» / «Простые способы по подготовке к зиме» 23 753 миӊ даана брошюра басып чыгарылды;
  • Кыргызстандын бардык аймактарынан (Баткен облусунан башка) 4 тема – жылуулоо, экономика, адамдын ден соолугу, мал чарбачылыгы боюнча коомдук лекцияларды өтүүчү жана консультацияларды берүүчү 16 адис окутулду;
  • Ысык-Көл облусунун Чоӊ-Кызыл-Суу жана Жолголот айылдарында жылуулоонун эл аралык стандарттары боюнча 2 үй жылууланды,
  • Ысык-Көл облусунун Чоӊ-Кызыл-Суу айылында 1 мал сарай жылууланды,
  • Ысык-Көл облусунун Чоӊ-Кызыл-Суу айылынын 20 тургуну үйлөрдү жана чарба курулмаларын жылуулоо ишине түздөн-түз тартылган,
  • 13 369 катышуучу, бүткүл Кыргызстан боюнча иш-чараларга түздөн түз тартылган,
  • 40 000 ашык жаран ЖМК аркылуу маалымат алган,
  • 408 калктуу конуш камтылган,
  • Учурдагы кырдаалды жана калктын көйгөйлөрүн талдоо жана «Кыргызстандагы үй чарбалардын жашоо деӊгээли жана 2014/2015-жылдын кышындагы энергокризистин коркунучтары» деген темада 1 маалыматтык-аналитикалык маалымкат орус тилинде даярдалды, нускасы 200 даана,  
  • 5 жеке тигүүчү жылуулукту сактоо түзүлүшүн тигүү жана өндүрүүгө окутулду,
  • 100 термос-түйүнчөк даярдалды, андан 20 даана өнүм баштапкы капитал катары «Өнөр-Булагы» коомдук бирикмесине берилди (Кыргызстандын Климаттык тармагынын мүчөсү).
  • 103 шам жылыткыч даярдалды, алар Кыргызстандын Климаттык тармагын өнүктүрүү үчүн өткөрүлүп берилди (жылыткычтарды «Юнисон» коомдук фондунун буйрутмасы менен карапа өнүмдөрү боюнча чебер уста Бишкек шаарында жасаган),

    
Фотосүрөттөрдү ушул жерден көрүүгө болот.

Бизге жазыӊыз