Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Анализ жана изилдөөлөр

ЮНИСОН Групп аналитикалык изилдөөлөрдө жана стратегиялык консультация берүүдө кеӊири экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Биздин тажрыйба мыйзамдарды комплекстүү талдоону, аларды өркүндөтүү боюнча илимий-негизделген сунуштарды иштеп чыгууну, ошондой эле курчап турган чөйрөгө таасирин баалоого тереӊ изилдөөлөрдү камтыйт.

ЮНИСОН ГРУПП ЖҮРГҮЗГӨН НЕГИЗГИ АНАЛИТИКАЛЫК БАГЫТТАР:

  • Колдонуудагы мыйзамдарды талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
  • Ар кандай демилгелер үчүн курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо.
  • Экономиканын ар кыл секторлорундагы энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жолдорун аныктоо.
  • Климаттык жана экологиялык тобокелдиктерди жана алардын экосистемага, инфратүзүмгө, айыл чарбасына жана коомдун саламаттыкка таасирин изилдөө жана адаптациялоо жана зыянды азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
  • Экологиялык стратегиялардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү. Учурдагы программаларга жана саясаттарга баалоо жүргүзөбүз, алардын күчтүү жана алсыз жактарын аныктайбыз, ошондой эле натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгабыз.  
  • Туруктуу энергетикага жана декарбонизацияга талдоо жүргүзүү. Экономиканын ар кыл секторлорундагы көмүртек изин баалайбыз, энергетикалык өтүү стратегиясын иштеп чыгабыз жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын дараметин талдоого алабыз.
5 из 24
Кыргыз Республикасында «жашыл» экономикага өтүү чакан жана орто бизнес ишканалары (ЧОИ) үчүн – глобалдык тренддерге гана жооп эмес, ал туруктуулукту жогорулатуу, чыгымдарды төмөндөтүү жана эл аралык рыноктордо позицияны бекемдөөгө карай маанилүү кадам. Финансылык стимулга, институционалдык реформаларга жана мамлекет жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан колдоого негизделген мындай системалуу мамиле...
Колдонмо туризм тармагындагы чакан жана орто ишканаларында энергия жана ресурс үнөмдөө чараларын үйрөнүү үчүн туризм, менеджмент жана мейманкана иши окутулуп жаткан өнөктөш жогорку окуу жайларына дагы берилди.
Кыргызстандагы имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатынан алынган тажрыйбаны талдоо Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо программасы (KyrSEFF) аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн техникалык колдоонун алкагында иштелип чыккан. Техникалык жардамды Европа Биримдиги каржылайт. Отчетто жаӊы мыйзамды колдонууга киргизүүнү ишке ашыруу потенциалын жана натыйжалуулугун бекемдөө...
Колдонмо концепциядан тартып долбоор түзүүгө жана колдонуудан чыгаруудан курулуш аянтын рекультивациялоого чейинки имараттын бүткүл пайдалануу мөөнөтүн катыйт. Ал курулуш тармагынын адистери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана шаарлар менен жамааттардын туруктуу өнүгүшүнө кызыкдар рыноктун башка катышуучулары үчүн практикалык инструмент катары иштелип чыккан.   Колдонмонун материалдары билим...
Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу технологиялары жана алардын климаттын өзгөрүүсүн жумшартуу кошкон салымын талдоо жана баа берүү (Аналитикалык документ.) Бул аналитикалык документ «MoveGreen (МувГрин)» коомдук бирикмеси «Дүйнө үчүн нан» эл аралык агенттигинин колдоосунда ишке ашырып жаткан «Кыргызстанда жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия регионунда...
Бизге жазыӊыз