Кыргызстандын турак жай фонду 1 миллиондон ашык имараттан турат, алардын басымдуу бөлүгү реновацияга жана жаӊылоого муктаж. Жыл сайын өлкөдө көпчүлүк бөлүгүн турак жай имараттары түзгөн 10 000 жакын жаӊы объектилер курулат.
Бирок имарат сектору энергияга абдан сыйымдуу тармак бойдон кала берүүдө: казылып алынган энергетикалык ресурстарды керектөөнүн 40% ашыгы, электр энергиясын пайдаланунун 70% ашыгы, жаратылыш газын колдонуунун 50% жакыны жана СО₂ бөлүп чыгаруу көлөмүнүн 1/3 бөлүгү турак жай имараттарына туура келет.
Керектөөнүн мындай деӊгээли электр энергиясынын тартыштык көйгөйүн курчутат жана климат өзгөрүп жаткан жана тарифтер кымбаттаган шарттарда өлкөнүн бул көйгөйлөргө туруктуулугун төмөндөтөт. Ал эми энергетикалык натыйжалуу курулушка өтүү ушул тобокелдикти чечүүнүн жолу болуп саналат. Имараттарды комплекстүү жылуулоо жылуулук жоготууларды 75% чейин кыскартат, энергия чыгымдарын олуттуу төмөндөтөт жана жашоо-тиричиликти алда канча ыӊгайлуу жана үнөмдүү кылат. Андыктан имараттарды реновация кылууда жана жаӊы курулушта заманбап техникалык чечимдерди жана жабдууларды пайдаланууда энерго- жана ресурс үнөмдөө принциптерин эске алуу маанилүү.

Бул бөлүмдө кайталап пайдалануу үчүн аз кабаттуу турак үйлөрдүн 6 архитектуралык долбоору берилген, алар төмөнкүдөй сапаттарга басым коюу менен иштелип чыккан:
- энергетикалык натыйжалуу
- жылуулукка үнөмдүү
- биздин республиканын климаттык шарттарына туруктуу.
Бул долбоорлор төмөнүдөй жардам берет:
- энергия чыгымдарын кыскартат
- даяр чечимдерди тандоону оӊойлотот
- жергиликтүү архитектура органдары менен макулдашуу мөөнөтүн кыскартат
- уруксат кагаздарын алууну жеӊилдетет
Сиздер бул долбоорлорду PDF форматында көчүрүп алып, Кыргызстандагы турак жайды жашыл реновациялоо алкагында пайдалана аласыздар. Бул үйлөрдүн долбоорлору «Кыргызстандагы жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында, Эл аралык миграция уюмунун Өнүктүрүү фондунун IDF колдоосунда иштелип чыккан.





