ЮНИСОН Групп Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын климаттын өзгөрүшү, адаптация жана туруктуу өнүгүү жаатында иш жүргүзгөн алдыӊкы уюмдарынын бири катары климаттык күн тартипти активдүү жайылтып келет. Уюм эл аралык климаттык процесстерде жарандык коомдун, аялдардын, жаштардын ролун жана маанисин күчөтүүнүн үстүндө иштейт, сүйлөшүүлөрдө жана демилгелерде инклюзивдик катышууну камсыздайт.
Уюм Кыргызстан үчүн инновациялык климаттык чечимдерди жана өнүгүүнүн туруктуу моделдерин жайылтуу аркылуу мамлекеттик түзүмдөр, бизнес жана эл аралык институттар менен активдүү өнөктөштүктү өнүктүрүп келет.