Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Биз эмне иш кылабыз

ЮНИСОН Групп курулуштагы энергетикалык жактан натыйжалуу, энергияга үнөмдүү жана экологиялык туруктуу чечимдерди иштеп чыгат. Биз энергетикалык натыйжалуу үйлөрдүн долбоорлорун түзөбүз, имараттарды сертификациялайбыз, жылуулоо жүргүзөбүз жана адистерди окутабыз. Биздин технологиялар энергия керектөөнү төмөндөтөт, көмүртек изин кыскартат жана шаар чөйрөсүнүн жайлуулугун жана туруктуулугун жогорулатат.
ЮНИСОН Групп бизнеске жана банктарга туруктуу инвестициялык механизмдерди киргизүүгө жардам берүү менен жашыл финансыны өнүктүрүүдө. Биз ESG-стратегия иштеп чыгабыз, климаттык коркунучтарды баалайбыз жана жашыл каржылоо үчүн инструменттерди түзөбүз. Биздин чечимдер Борбордук Азияда аз көмүртектүү экономикага өтүүгө жана туруктуу өнүгүүгө салым кошот.
ЮНИСОН Групп Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын климаттын өзгөрүшү, адаптация жана туруктуу өнүгүү жаатында иш жүргүзгөн алдыӊкы уюмдарынын бири катары климаттык күн тартипти активдүү жайылтып келет. Уюм эл аралык климаттык процесстерде жарандык коомдун, аялдардын, жаштардын ролун жана маанисин күчөтүүнүн үстүндө иштейт, сүйлөшүүлөрдө жана демилгелерде инклюзивдик катышууну камсыздайт. Уюм Кыргызстан үчүн инновациялык климаттык чечимдерди жана өнүгүүнүн туруктуу моделдерин жайылтуу аркылуу мамлекеттик түзүмдөр, бизнес жана эл аралык институттар менен активдүү өнөктөштүктү өнүктүрүп келет.
ЮНИСОН Групп энергия натыйжалуулук, энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКЖБ) жана туруктуу энергия менен камсыз кылуу боюнча эксперттик консультация сунуш кылат. Биз энергетикалык саясатты иштеп чыгууга, сертификаттоого жана имараттардын энергетикалык аудитин өткөрүүгө, энергосекторду башкарууга жана жашыл технологияларды киргизүүгө колдоо көрсөтөбүз. Тармактык адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн тренингдерди жана билим берүү программаларын өткөрөт.
ЮНИСОН Групп имараттарга энергетикалык аудит жана энергетикалык сертификациялоо жүргүзөт, алардын энергетикалык натыйжалуулук деӊгээлин тастыктаган энергетикалык сертификаттарды берет, ишканалар менен үй чарбаларга энергия керектөөнү азайтууга, климаттык туруктуулукту жакшыртууга жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына шайкеш кетирүүгө жардам берет.
ЮНИСОН Групп эксперттер, бизнес, мамлекеттик түзүмдөр, жаштар жана жарандык коом өкүлдөрүн бириктирип, конференцияларды, форумдарды жана тегерек стол жыйындарын уюштурат. Биз туруктуу өнүгүү, жашыл технологиялар жана климаттык саясат жаатындагы диалог, тажрыйба алмашуу жана чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аянтча түзөбүз, аны менен стратегиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшөбүз.
ЮНИСОН Групп аналитикалык изилдөө жана стратегиялык консультациялар боюнча кеӊири эксперттик тажрыйбага ээ. Биздин тажрыйба мыйзамдарга комплекстүү талдоо жүргүзүү, аларды өркүндөтүү боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле курчап турган чөйрөгө таасирди баалоо жаатында тереӊ изилдөөлөрдү камтыйт.
Бизге жазыӊыз