Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

«Коммуна айылындагы медициналык пункт үчүн энергетикалык натыйжалуулук жана кайра толукталуучу энергия булактары» долбоору, «Energy Globe - 2011» сыйлыгы

«Юнисон Групп» экинчи Energy Globe сыйлыгын «Коммуна айылындагы медициналык пункт үчүн энергетикалык натыйжалуулук жана кайра толукталуучу энергия булактары» пилоттук долбоорун 2011-жылы жеӊип алды. Долбоор Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун алыскы Коммуна айылындагы медициналык борбору үчүн кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануунун жана энергетикалык натыйжалуу курулуштардын артыкчылыгын көрсөтөт. Долбоор алкагында энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү, жашоо-тиричилик шарттарын жана жамааттын потенциалын жакшыртуу, куруу үчүн салттуу курулуш ыкмаларын жана энергия кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жана заманбап технологиялардын айкалышы колдонулат. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында талаптагыдай медициналык тейлөө камсыздалды, жакырчылыктын деӊгээли төмөндөдү жана кыргыз жана өзбек топторунун ортосундагы этникалык чыӊалуу басаӊдады. 

Датасы: 
2011
Бизге жазыӊыз