
Кыргызстандагы имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатынан алынган тажрыйбаны талдоо Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо программасы (KyrSEFF) аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн техникалык колдоонун алкагында иштелип чыккан. Техникалык жардамды Европа Биримдиги каржылайт.
Отчетто жаӊы мыйзамды колдонууга киргизүүнү ишке ашыруу потенциалын жана натыйжалуулугун бекемдөө боюнча иштердин кийинки жүрүшүндө жана эл аралык өнүктүрүү агенттиктери менен Эл аралык өнүктүрүү банктары тарабынан саясат иштеп чыгуу маселеси боюнча диалог үчүн кийинки мүмкүнчүлүктөрдү аныктоодо эске алуу зарыл болгон кээ бир сабактар жалпыланган.