ЭКЖБ колдонууга киргизүү жана жайылтуу ишин кошуп алганда, ЮНИСОН Групп түзүлгөн учурдан тартып энергетика чөйрөсүндө бир катар ири долбоорлорду ийгиликтүү аткарды, ошондой эле көп сандаган изилдөөлөрдү жана талдоолорду ишке ашырды. Юнисон Групп мыйзам жана ченемдик базаны чыӊдоо, инновацияларды жана жашыл экономиканы илгерилетүү жолун аныктоо, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын долбоорлорун ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп келет. Биздин эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеӊири тажрыйбабыз бар. Туруктуу энергетикага жана энергия натыйжалуулукка багытталган Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо программасы – GEFF/KyrSEFF, «Кыргызстандын туризм тармагында энерго- жана ресурс үнөмдөөнү илгерлетүү» (ПЭРЭТО / PERETO) жана башка долбоорлор бизге эӊ татаал жана инновациялык чечимдерди сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Биздин кызматтар:
- ЭКЖБ жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүү.
- Энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн коомдук имараттарды жана коммерциялык объекттерди реконструкциялоо.
- Жашыл энергетиканы жана экономиканы өнүктүрүүдө мамлекеттик органдарды колдоо.
- Изилдөөлөр, семинарлар жана энергия натыйжалуулук, ЭКЖБ чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу.

ЭКЖБ колдонууга киргизүү боюнча биздин долбоорлор турак жай жана бизнес секторлордо таанылган, булар туруктуу өнүгүү жаатындагы ишенимдүү өнөктөш катары биздин аброюбузду тастыктайт.
Биз сиздер менен бирге Кыргызстандын таза келечегин түзөбүз.









