Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

ESG-саясат

ЮНИСОН Групп туруктуу өнүгүүгө жана эл аралык стандарттарды сактоого умтулган компаниялар үчүн ESG-саясатты (Экологиялык, Социалдык жана Башкаруучулук факторлор) иштеп чыгуу жана киргизүү кызматын сунуш кылат. Биз экологиялык, социалдык жана башкаруучулук принциптерди бизнес-стратегияларга интеграция кылууга, «жашыл» финансылык продукттарды иштеп чыгууга жардам беребиз жана туруктуу бизнестин мааниси жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн окутууларды өткөрөбүз.

Биздин кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Долбоорлор үчүн ESG тобокелдиктерин жана мүмкүнчүлүктөрүн баалоо.
  • Жашыл финансылык продукттарды иштеп чыгуу.
  • ESG-принциптерин киргизүү боюнча окутуу жана консалтинг.

ESG-саясатын киргизүү тобокелдиктерди азайтууга, корпоративдик репутацияны жакшыртууга жана инвесторлордун көӊүлүн бурууга жардам берет, бул узак мөөнөттүү кирешеге жана атаандаштыкка туруктуу болууга көмөктөшөт.

ESG-саясатты киргизүүнүн артыкчылыгы: :

  • Тобокелдиктерди төмөндөтүү: ESG принциптери экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди азайтууга, экологиялык жана социалдык ченемдерди бузуу үчүн айып пул жана санкция салуудан качууга жардам берет.
  • Инвесторлордун ишенимин жогорулатуу: Туруктуу өнүгүүгө багытталган бизнес узак мөөнөттүү пайда алууга жана туруктуу долбоорлорго кызыкдар инвесторлордун көӊүлүн бурат.
  • Атаандаштыкка туруктуулукту жогорулатуу: Туруктуу жана экологиялык жоопкерчиликтүү практика компаниянын имиджин жакшыртат жана жаӊы кардарлар менен өнөктөштөрдү тартууга салым кошот.
  • Социалдык ыраазылык: Социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жергиликтүү жамааттар менен мамилени жакшыртат, кардарлардын берилгендигин жана ишенимин жогорулатат.

Биз ESG принципы — бул жөн гана тренд эмес, ийгиликтүү жана туруктуу бизнестин ачкычы деп ишенебиз. Биз менен сиздин бизнес кирешелүү жана коомчулук менен Планетанын алдында жоопкерчиликтүү болот.

 

Бизге жазыӊыз