Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Финансылык продукт иштеп чыгуу

ЮНИСОН Групп «Жашыл финансы» жаатында финанылык продукттарды иштеп чыгуу боюнча кызматын сунуштайт. Биз энергиянын кайра жаралуучу булактары, туруктуу курулуш жана башка экологиялык таза демилгелер жаатындагы долбоорлор үчүн финансылык мекемелерге экологиялык таза жана энергия натыйжалуу чечимдерди түзүүгө жана киргизүүгө жардам беребиз.

Биздин кызматтар:

  • «Жашыл» финансылык продукттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү
  • Экологиялык таза долбоорлорду сертификациялоо.
  • Жашыл каржыны киргизүү боюнча окутуу жана консультациялар.

Биз банктар, инвестициялык фонддор жана мамлекеттик органдар менен иштешебиз, жаӊы экологиялык стандарттарга ыӊгайлашууга жана туруктуу технологияларга инвестиция салуудан каржылык киреше алууга жардам беребиз.

«Кыргызстандын туризм жаатындагы энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү» (ПЭРЭТО / PERETO) долбоорунун алкагында ЮНИСОН Групп эксперттери Кыргызстандын финансылык мекемелери менен бирге 4 жашыл продукт иштеп чыккан жана кредиттер бериле баштаган:

1) «Эко-Туризм» - «Дос-Кредобанктан»
«Эко-Туризм» кредиттөө программасы – бул DCB Green Doscredobank тарабынан туристтик бизнеске энергия натыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды колдонууга киргизүүгө багытталган «жашыл» кредит.

https://www.dcb.kg/ru/green/detail/eko-kredity/eko-turizm/  

2) «Жашыл туризм» - «Кыргызстан коммерциялык банкынан»
Кыргызстан коммерциялык банкынын «Жашыл туризм» кредиттик продуктусу туризм жана меймандостук чөйрөсүндөгү (кафе, ресторан, мейманкана, конок үйлөр, боз үй шаарчалары, санаторийлер жана дарылоо мекемелери) чакан жана орто бизнеси бар жеке жактарга, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга арналган.

https://mbank.kg/credits/zelenye-kredity  

3) «Байлык финанс» мекемесинен энергиянын кайра жаралуучу булактарын алууга «Жашыл кредит»
«Байлык финанс» тарабынан үй жана бизнес үчүн Энергиянын кайра жаралуучу булактарын, фотоэлектр панелдерди, электр мал тосмо, күн кургаткыч, суу жылыткычтарды орнотуу, электр энергиясын өзгөрткүчтөрдү жана башка заманбап технологияларды алууга арналган жашыл кредит колдонулган энергия үчүн төлөмдөрдү үнөмдөөгө гана эмес, курчап турган чөйрөгө кам көрүүгө өз салымын кошууга мүмкүндүк берет.
https://bf.kg/zelenye-kredity/

4) «Эколизинг» – Кыргызстан лизинг компаниясынан
«Кыргызстан лизинг компаниясы (Ижара)» лизинг компаниясы Кыргызстанда ESG принциптерин жактаган жана лизинг тармагына жашыл каржылоону киргизген биринчи лизинг компаниясы болуп калды. «Эколизинг» продукту кардарларга курчап турган чөйрөгө терс таасирлерди төмөндөтүүгө, энергия керектөөнү азайтууга, ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана парник газдарын бөлүп чыгарууну кыскартууга мүмкүндүк берген заманбап жашыл технологияларды лизингге алууга шарт түзөт.
https://www.ick.kg/services/

 

Бизге жазыӊыз