Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Имараттарды энергетикалык сертификациялоо

Юнисон Групп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө калктын энергия менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыз кылуу максатында энергия натыйжалуулукту илгерилетүүгө жана энергетика секторун башкарууну жакшыртууга колдоо көрсөтөт.
Юнисон Групп инновацияларды жана жашыл экономиканы жайылтуу үчүн мыйзамдык жана ченемдик базаны бекемдөөнүн үстүндө иштеп келет. Заманбап технологияларды жергиликтүү салттар менен айкалыштырган ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү көрсөткөн пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу, жергиликтүү энергия керектөөчүлөр арасында маалымдуулукту жана сабаттуулукту жогорулатуу дагы Юнисон Групп ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп саналат.
Айтсак ЮНИСОН Групп КР Жогорку Кеӊешине Кыргыз Республикасынын «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» 2011-жылдын 26-июлундагы №137 мыйзамын толуктап иштеп чыгууга колдоо көрсөттү.
Ушул мыйзамга ылайык, бардык долбоорлонуп жаткан имараттар энергия натыйжалуулуктун эӊ төмөнкү талаптарына – В классына шайкеш келүүгө тийиш.

Ошондой эле, КР «Кыргыз Республикасынын энергия үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын, анын ичинде «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» жана «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамдардын үстүндө иштер жүргүзүлдү.
Ошентип КР «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» мыйзамы энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган натыйжалуу институционалдык жана ченемдик база үчүн негиз болуп калды.

Атап айтканда, Энергетикалык изилдөөлөр жөнүндө мыйзамдын 9-беренесинде мындай изилдөөлөрдү ыйгарым укуктуу органдарда мамлекеттик сертификациялоодон өткөн сертификатталган адистер гана жүргүзүүгө тийиш экени так көрсөтүлгөн.
 
ЮНИСОН Групп колдоосунда Имараттардын энергетикалык сертификаттары, сертификатталган адистердин жана буу казандардын энергетикалык натыйжалуулугу отчетторунун мамлекеттик реестри уюштурулган. Мындан тышкары, имараттарды жылытуу, желдетүү, абаны кондициялоо, буу казан жабдуулары, жылуулук коргоо боюнча курулуш ченемдери иштелип чыккан.
Сиздер бул сайттан документтер менен толук тааныша аласыздар, ошондой эле өзүӊүздөрдүн муктаждыкка ылайык энергетикалык экспертти аныктоого, имараттын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча сертификат берилгендигин же бар-жогун текшерүүгө, отказан же жылытуу системасы текшерүүдөн өткөрүлгөндүгүн билүүгө болот.
https://energoreestr.kg/

Мындан тышкары, ЮНИСОН Групп эксперттери төмөнкүдөй кызматтарды сунуштайт:
Имараттардын энергетикалык сертификациясы. Анын жүрүшүндө инженердик системалардын техникалык диагностикасы аткарылат (жылытуу, желдетүү, жарыктандыруу) жана жабдууну жаӊылоо боюнча сунуштамалар берилет.

Кесипкөй энергетикалык сертификациялоо менен энергия чыгымдарын 40% чейин азайтыӊыз. Толук маалымат алуу үчүн бизге жазыӊыздар.

 

3 из 3
Архитекторлор, долбоор түзүүчүлөр, энергетиктер, жылуулук техника инженерлери жана башка адистер үчүн имараттарды энергетикалык сертификациялоонун негиздери. ЮНИСОН Групп инженерлери ушул темадагы семинарлар сериясын буга чейин бүткүл Кыргызстан боюнча баштаган. Биринчи семинар 2025-жылдын 4-...
«Имараттардагы энергетикалык натыйжалуулук: жаӊы мүмкүнчүлүктөр жана практика». ЮНИСОН Групп бүткүл Кыргызстан боюнча семинар-тренингдердин сериясын баштайт. «Кыргызстандагы жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында биз курулуш жана реновациялоо үчүн...
Биз 2023-жылы 28-ноябрда Юнисон Групп кеӊсесинде өткөн «Коомдук имараттар үчүн энергетикалык жана сейсмикалык аудит» темасындагы семинар-тренинг ийгиликтүү аяктаганын кубануу менен билдиребиз.
Бизге жазыӊыз