Заманбап бизнес бир гана кирешелүү эмес, экологиялык жактан жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Экосертификация сиздердин ишкананын эл аралык жана улуттук экологиялык стандарттарга шайкештигин тастыктайт, курчап турган чөйрөгө терс таасирлерди төмөндөтөт жана бизнестин натыйжалуулугун жогорулатат.
Эко-сертификациялоо — продукттар менен кызматтардын башка окшош өнүмдөр менен кызматтарга караганда курчап турган чөйрөгө азыраак таасир этээри жөнүндө күбөлүк. Механизм эко-конок үйлөргө, эко-кафеге ж.б.у.с. кошумча суроо-талаптын пайда болушуна көмөктөшөт, башкача айтканда, бизнес-сектордун курчап турган чөйрөгө таасирин жумшартат.
Эко-сертификацияны киргизүүнүн эӊ алгачкы баскычы ПЭРЭТО долбоорунун алкагында ЮНИСОН Групп менен биргеликте жүргүзүлгөн. Анын негизги максаты курулуш, кызмат көрсөтүү, тейлөө жана азык-түлүк өнүмдөрүндө жашыл технологияларды пайдаланууну жайылтуу болуп саналат. Ошону менен бирге «ХОРЕКА секторундагы эко-сертификациялоо жөнүндө» жобо иштелип чыккан.
Мындай сапатты баалоо Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Египетте, Японияда ж.б. колдонулат.
Кыргызстанда болгону 4 категория: платина, алтын, күмүш жана коло бар. Туристтик объектилер баллдык система боюнча бааланат, балл канча көп болсо, категория ошончолук жогору. Мүмкүн болгон эӊ жогорку балл саны – 93 балл.

Эко-сертификациялоо боюнча негизги критерийлер:
- Экологиялык менеджмент
- Сууну үнөмдөө жана саркынды сууларды башкаруу
- Калдыктарды башкаруу
- Энергияны үнөмдөө жана колдонууга киргизүү (ЭКЖБ)
- Материалдык ресурстарды экологиялык башкаруу
- Эко-ташып жеткирүү жана эко-мобилдүүлүк
- Азык-түлүк өнүмдөрүн жеткирүүнү уюштуруудагы эко-ыкмалар
- Жанаша турган аймактарга карата экологиялык практикалар (эгерде колдонулса)
- Социалдык жоопкерчилик
- Азык-түлүк өнүмдөрү менен камсыз кылуудагы эко-мамиле
Энерго- жана ресурс үнөмдүүлүк боюнча сертификацияланган ПЭРЭТО консультанттары жалпы Кыргызстанда бардыгы болуп 88 мейманкана, кафе жана ресторандарда эко-аудит жүргүзүштү. Аудиттен ийгиликтүү өткөн ишканалар эко- сертификаттар жана “Коло” (49 туристтик ишкана), “Күмүш” (37 ишкана), “Алтын” (18 ишкана) жана “Платина” (2 ишкана) сапат категорияларынын белгилери менен сыйланган. Экологиялык стандарттарга шайкеш сертификаттар Кыргызстандын Жашыл альянсынын сертификацияланган объектилеринин бирдиктүү реестрине киргизилген.
Ишкерлер компаниянын абалын өз алдынча баалоо үчүн шилтеме боюнча алдын ала эко-сертификациялоодон дагы өтө алышат.
Экосертификациянын артыкчылыгы:
- Чыгымдарды төмөндөтүү – энергияны жана ресурстарды керектөөнү оптимизациялоо.
- Ишенимди жогорулатуу – кардарлар менен инвесторлордун ишенимин өстүрүү
- Жаӊы рынокторго жетүү - «жашыл» тендерлерге жана мамлекеттик сатып алууларга катышуу
- Мыйзам талаптарына шайкештик – айып пулдар жана санкциялардан алыс болуу
- Репутацияны чыӊдоо – өзүн экологиялык жоопкерчиликтүү компания катары көрсөтүү
Экосертификациялоо боюнча биздин кызматтар:
1. Экологиялык аудит жана баалоо
2. Сертификациялоого даярдык
- Стандарттарды киргизүүнүн жекече стратегиясын иштеп чыгуу
- Персоналды экологиялык практикаларга окутуу
Кимдер үчүн?
Конок үйлөр, ресторандар, туркомплекстер – экотуристтерди тарткыла жана статусту жогорулаткыла
Өзүӊүздүн бизнести экологиялык жана атаандаштыкка туруктуу кылыӊыз
Консультацияга буйрутма бериӊиз – сертификациялоонун ылайыктуу стандартын тандоого жардам беребиз.

