ЮНИСОН Групп өлкөнүн климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатууга жана тобокелдикти төмөндөтүүгө шарт түзгөн илимий негизделген чечимдерди сунуштоо менен климаттык саясат чөйрөсүндө активдүү иштейт. Биз эл аралык стандарттарды жана алдыӊкы практикаларды карманабыз, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү үчүн илимий жактан негизделген, стратегиялык жана практикалык чечимдерди иштеп чыгабыз.
Эл аралык макулдашуулар дүйнө өлкөлөрүнөн бөлүп чыгарууларды кыскартуу жана адаптациялоону талап кылуу менен климаттык саясаттын негизин түзөт. Париж макулдашуусу, БУУ КӨАК, БУУ 2030 Күн тартиби декарбонизациянын, климаттык каржылоонун жана туруктуу технологияларды киргизүүнүн зарылдыгын баса белгилейт. Бул принциптерди улуттук стратегияларга кошуу климаттык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана туруктуу экономика курууга көмөктөшөт. ЮНИСОН Групп 2008-жылдан тартып улуттук делегациянын курамында жана жарандык коомдун атынан Кыргызстандын кызыкчылыгын жактоо менен Тараптардын конференциясы, БУУнун Суу декадасы жана башка улуттук, регионалдык жана эл аралык процесстердеги эл аралык климаттык сүйлөшүүлөргө активдүү катышып, өз салымын кошуп келет.
Негизги багыттар:
- Климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо;
- Көмүртек нейтралдуулугу;
- Климаттык каржылоо;
- Эл аралык климаттык демилгелерге катышуу;
- Жаштардын жана балдардын ролун күчтөндүрүү;
- Глобалдык процесстерге жана күн тартибине катышуу;
- Стратегияларды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.

Биздин кызматтары:
- БУУ КӨАК алкагындагы милдеттенмелер боюнча улуттук отчетторду иштеп чыгуу;
- Климаттык чараларды улуттук стратегиларга интеграциялоо боюнча талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- Учурдагы климаттык саясаттын натыйжалуулугун баалоо жана жакшыртуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- Потенциалды жана маалымдуулукту жогорулатуу;
ЮНИСОН Групп — туруктуу келечекти куруудагы сиздин ишенимдүү өнөктөш. ЮНИСОН Групп илимий жол, стратегиялык ой жүгүртүү жана эл аралык кызматташтык аркылуу туруктуу келечекти түзүү мүмкүн деп эсептейт. Биз климаттык коркунучтарга туруктуу болуу үчүн илим, саясат жана практика айкалышкан шартта иштөөнү улантабыз.







