Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Тренингдер

Имараттардын энергетикалык классын эсептөө боюнча тренинг ийгиликтүү аяктады

Имараттардын энергетикалык классын эсептөө боюнча тренинг ийгиликтүү аяктады. 2025-жылдын 3-апрелинде Бишкекте имараттардын энергетикалык классын эсептөөгө арналган экинчи гидриддик тренерлер үчүн тренинг (ToT) болуп өттү.

Кыргызстанда имараттарды энергетикалык сертификациялоонун негиздери боюнча адистер үчүн тренингдер башталды

Архитекторлор, долбоор түзүүчүлөр, энергетиктер, жылуулук техника инженерлери жана башка адистер үчүн имараттарды энергетикалык сертификациялоонун негиздери.

ЮНИСОН Групп инженерлери ушул темадагы семинарлар сериясын буга чейин бүткүл Кыргызстан боюнча баштаган. Биринчи семинар 2025-жылдын 4-февралында Баткен шаарында ийгиликтүү өткөн – анын ишине мамлекеттик мекемелердин 20 чакты эксперти катышып, баалуу тажрыйба алмашышкан.  

Семинарларга ЮНИСОН Групп инженерлери Салават Соронбаев жана Оксана Гудкова спикерлик кылууда.

Семинарлардын темалары:

Бүткүл Кыргызстан боюнча «Имараттардагы энергетикалык натыйжалуулук: жаӊы мүмкүнчүлүктөр жана практика» тренингдери өтөт

 «Имараттардагы энергетикалык натыйжалуулук: жаӊы мүмкүнчүлүктөр жана практика». ЮНИСОН Групп бүткүл Кыргызстан боюнча семинар-тренингдердин сериясын баштайт.

«Кыргызстандагы жашыл реновация процессине ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында биз курулуш жана реновациялоо үчүн заманбап энергияга үнөмдүү чечимдер жөнүндө айтып беребиз.

Биринчи семинар-тренинг 3-февралда Баткен ш. өтөт.

Кимдер үчүн:

Бишкекте «Агроөнөржай комплекси, айыл чарбасы жана суу пайдалануу чөйрөсүндөгү ЧОИ үчүн жашыл стимулдар жана тоскоолдуктар» семинары болду

Узак мөөнөттүү келечекте жашыл технологияларды пайдалануу Кыргызстанга азык-түлүк коопсуздугун чыӊдоого, экспорттук потенциалын жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү боюнча глобалдык күч-аракеттерге салым кошууга жардам берет.

2024-жылдын 27-ноябрында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн, аграрчылардын ж.б. катышуусунда өткөн «Агроөнөржай комплекси, айыл чарбасы жана суу пайдалануу чөйрөсүндөгү ЧОИ үчүн жашыл стимулдар жана тоскоолдуктар» деген темадагы семинардын жүрүшүндө ушундай сунуштар айтылды.

Кыргызстандын ар кыл аймактарынын журналисттери энергия үнөмдөө жана ЭКЖБ негиздерин үйрөнүштү

Бишкек, Ош, баткен, Жалал-Абад жана Нарындын кесипкөй журналисттери 2024-жылы 17-18-октябрда ЮНИСОН Групп уюмунун энергия жана ресурс үнөмдүүлүгүн жана чакан энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКЖБ) боюнча тренингине катышты.

ЮНИСОН Групп ЖМК үчүн энергияны жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана ЭКЖБ боюнча тренингге катышууга конкурс жарыялайт

Урматтуу журналисттер,

ЮНИСОН Групп ЖМК үчүн Бишкекте 2024-жылы 17-18-октябрда өтө турган энергияны жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана чакан энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКЖБ) боюнча 2 күндүк тренингге катышууга конкурс жарыялайт.

Pages

Бизге жазыӊыз