Кыргызстанда Жашыл экономиканы каржылоо программасы GEFF Кыргызстан/KyrSEFF жеке жактардын үйлөрүндө жайлуулукту жогорулатуу үчүн, ошондой эле бзнес сектордун ишканаларына жогорку натиыйжалуу технологияларды жана практикалардын жардамы менен атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу үчүн каржылоо жана консультация берет.
Бул программа Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу энергетика чөйрөсүндө (Биринчи жана Экинчи фаза KyrSEFF, 2013-2023-ж.), имараттардын жана курулмалардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жеке жана турак жай секторунда ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жакшыртуу боюнча долбоорлорго ийгиликтүү инвестицияланган жалпы бюджети 55 миллиондон ашык АКШ доллары өлчөмүндөгү көп жылдык демилгелеринин бири болуп саналат.
Кыргызстанда KyrSEFF программасын ишке ашыруунун өзгөчөлүгү анын мотивациялык гранттык бөлүгү. Анын ар бир катышуучусу энергия үнөмдөөчү чараларды ийгиликтүү ишке ашырганы үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан кредиттин суммасынын 15% өлчөмүндө грант алат.

2013-жылдан тартып имараттарды жылуулоо, энергия үнөмдөөчү технологияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууга киргизүү, энергияга сыйымдуу технологиялык жана сууну үнөмдөгөн жабдууларды алмаштыруу боюнча өлкөнүн турак жай жана бизнес-секторлорундагы 4000 ашык долбоорлор инвестициялар менен колдоого алынды. Программа иштеп турган учурда биз Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын дээрлик бир миӊден ашык кредит адистерин окуттук.
2023-жылы 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү KyrSEFF/GEFF Үчүнчү фазасы башталды. Ошол эле учурда мурдагы программалар негизинен энергия жана ресурс натыйжалуулуугун жана үнөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган, ал эми KyrSEFF III өз ишмердүүгүнүн тармагын кеӊейтет. Программа климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жана ага адаптациялоону колдоо, курчап турган чөйрөнүн булгануу деӊгээлин төмөндөтүү жана сууну бир кыйла үнөмдүү пайдаланууга көмөктөшүү үчүн жаӊы инклюзивдик финансылык продукттарды киргизүүгө багытталган. KyrSEFF/GEFF Программасы төмөнкүдөй «жашыл технологияларга» каржылоо берүүнү камсыздоо менен ушул өткөл процессти колдоого алат:
- Энергияны пайдаланууну азайткан технологиялар
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарынан энергия өндүргөн технологиялар
- Суу ресурстарын сактаган жана үнөмдөгөн технологиялар
GEFF программасы менен макулдашууга ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жеке карыз алуучуларды насыялоо үчүн катышуучу жергиликтүү финансылык уюмдарга кредит берет.
GEFF Кыргызстанда адистешкен консультанттар командасы менен колдоого алынат, анын ичинде ишке инженерия, курчап турган чөйрө, финансы жана маркетинг чөйрөсүндөгү KyrSEFF III эксперттери дагы катышат, алар жашыл долбоордун бүткүл иштеп турган мөөнөтүндө эӊ алдыӊкы технологиялары пайдалануу менен бардык катышуучу жергиликтүү финансылык мекемелерге жана алардын кардарларына түздөн түз колдоо жана консультация сунуш кылат. Кардарлар үчүн техникалык жардам топтому акысыз.
GEFF кыргыз командасы (KyrSEFF III) компанияларга долбоорду иштеп чыгуу, инвестицияны баалоо жана ал долбоорду ишке ашыруунун ар кыл баскычтарында техникалык колдоо көрсөтөт. Бул алда канча ылайыктуу чечимдерди аныктоо жардам берет жана сапатка басым жасоо менен «зеленой» экономика долбоорлорун ийгиликтүү каржылоону камсыз кылат.

Дагы кейстер жана маалыматтар KyrSEFF/GEFF сайтында.



