Жашыл курулуш боюнча колдонмо имаратты пайдалануунун жана наркын түзүү тизмегинин бүткүл мөөнөтүндө имарат курулгандан бузулганган чейин циклди - концепция жана долбоорлоодон тартып эксплуатацияга чейин, пайдалануудан чыгаруудан тартып, курулуш аянтын рекультивациялоого чейинки аралыкты камтыйт. Ал курулуш тармагынын адистери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана шаарлардын жана жамааттардын туруктуу өнүгүүсүнө кызыкдар рыноктун башка катышуучулары үчүн практикалык инструмент катары иштелип чыккан.
Колдонмонун материалдары билим жана компетенциялардагы боштукту жоюуга, жашыл курулуштун принциптери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга, ошондой эле имараттарды түзүүнүн жана эксплуатациялоонун ар бир баскычында туруктуу чечимдерди киргизүү боюнча кадамдык сунуштамалар берилген. Басылманы төмөндөгү шилтеме боюнча көчүрүп алууга болот.
