
Семинар «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» (ПУТС) долбоорунун 2-фазасынын бенефициарларын жана долбоор түзүүчүлөрүн чогултту жана коомдук имараттардын энергия натыйжалуулугунун жана сейсмикалык коопсуздугунун актуалдуу маселелерин бирге талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.
Биз биргеликте энергетикалык жана сейсмикалык аудит жүргүзүүнүн алдыӊкы усулдарын үйрөндүк жана имараттарды пландоодо жана долбоорлоодо энергия натыйжалуулукту жана сейсмикалык туруктуулукту эске алуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле Кыргызстандын Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 7 коомдук имаратта жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча сунуштамаларды аткарууну жана энергияны жана ресурстарды үнөмдөө чараларын ишке ашырууну талдоо иштерин талкууладык.
Тренинг кеӊседе ишке ашырылган заманбап жашыл технологиялар боюнча практикалык бөлүктү да өзүнө камтыды.
Семинарда Түп районунун Сан-Таш а. Муканов атындагы орто мектептин, Жалал-Абад облусунун Тогул-Торо районундагы Казарман а. Жаӊыл-Мырза балдар бакчасынын директорлору өздөрү иштеген билим берүү мекемелеринде жасалган иштер жөнүндө айтып беришти. Алардын сөзү боюнча, имараттарды реконструкциялоодон кийин анын жыйынтыгына абдан ыраазы болушту.
Бардыгына активдүү катышууга жана кызыктуу талкуулоого ыраазылык билдиребиз!
«Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» (ПУТС) долбоорунун негизги максаты, билим берүү жана саламаттыкты сактоо секторлорундагы өзүнчө коомдук имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу болуп саналат (мисалы мектептер, балдар бакчалары, ооруканалар жана клиникалар).
Ишке ашыруучу агенттиктер: Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Швейцария Өкмөтүнүн экономикалык иштер боюнча мамлекеттик секретариатынын финансылык колдоосунда Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС).