Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Кыргызстанда биринчи жолу «Eco.Kg» ыктыярдуу экологиялык сертификациянын расмий ачылыш салтанаты болду

Бишкекте 2023-жылы 25-декабрда «Туруктуу туримди өнүктүрүү жана Кыргызстанда «Eco.Kg» ыктыярдуу экологиялык сертификациясын киргизүү» конференциясы болду.

Иш-чарага мамлекеттик, бизнес жана академиялык секторлордон 100 жакын адам катышты: айтсак, КР Жогорку Кеӊешинин депутаты Динара Ашимова, КР Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова, ПЭРЭТО долбоорунун программалык  менеджери Максат Дамир уулу, Юнисон Групп уюмунун президенти Нурзат Абдырасулова, Кыргызстандын Жашыл Альянсынын төрагасы Арстан Кадыров, «Кыргызстандарт» мекемесинин директору Болотбек Нурматов, Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев, Кыргызстандын Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев жана башкалар келди.

Бардык катышуучулар бизнес тармагы курчап турган чөйрөгө жана жергиликтүү инфратүзүмгө бир кыйла жоопкерчиликтүү болушу үчүн Кыргызстандагы туруктуу туризмди илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

HoReCa (отелдер, ресторандар, кафелер) ишканалары арасында ECO KG ыктыярдуу сертификациясын киргизүү бул иш-чаранын негизги окуясы болуп калды. ECO KG ыктыярдуу сертификациялоонун пилоттук схемасы Европа Биримдигинин финансылык колдоосуна SWITCH-Asia программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандын туризм жаатындагы энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү» (ПЭРЭТО / PERETO) долбоорунун алкагында иштелип чыккан.
     
Эко-сертификация – бул окшош өнүмдөргө жана кызматтарга караганда курчап турган чөйрөгө азыраак таасирин тийгизген өнүмдөрдү жана кызматтарды таануу жөнүндө күбөлүк. Механизм эко-мейманканаларга, эко-кафе ж.б. кошумча суроо-талаптын пайда болушуна салым кошот, б.а. бизнес-сектордун айлана-чөйрөгө таасирин азайтат.

Эко-сертификацияны киргизүүнүн баштапкы этабы ПЭРЭТО долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат. Анын негизги максаты жашыл технологияларды курулушка, тейлөө тармагына жана азык-түлүктү иштетүүгө колдонууну жайылтуу болуп саналат. «ХОРЕКА секторундагы эко-сертификация жөнүндө» жобо да иштелип чыккан.

2023-ж. Сентябрь айына карата КР туризм секторунда иштеп жаткан 124 миӊден ашык субъект катталган. Эксперттердин айтымында, конок күтүү өнөр жайындагы экомаркалоо туруктуу өнүгүүнүн кандай ыкмалары киргизилгени жөнүндө кардарларга маалымат берет. Сапатты баалоо Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Египетте, Японияда ж.б. колдонулат.

Кыргызстанда жалпысынан 4 категория бар: платина, алтын, күмүш жана коло. Туристтик объектилер баллдык система боюнча бааланат, балл канчалык көп болсо, категория дагы ошончолук жогору болот.

Эко-сертификация боюнча негизги критерийлер:

  • Экологиялык менеджмент
  • Сууну үнөмдөө жана саркынды сууларды башкаруу
  • Калдыктарды башкаруу
  • Энергияны үнөмдөө жана альтернативдүү энергия булактарын ишке киргизүү (ЭКЖБ)
  • Материалдык ресурстарды экологиялык жол менен башкаруу
  • Эко-ташып жеткирүү жана эко-мобилдүүлүк
  • Азык-түлүк менен камсыз кылууну уюштуруудагы эко-ыкмалар
  • Жанаша турган аймактардагы экологиялык практикалар (эгерде керек болсо)
  • Социалдык жоопкерчилик

Эӊ жогорку мүмкүн болгон балл көрсөткүчү - 93 балл.

Бүткүл Кыргызстан боюнча 23 мейманкана, кафе жана ресторанда эко-аудит жүргүзүлгөн. Кыргызстанда «Eco.Kg» ыктыярдуу экологиялык сертификациясын расмий ишке киргизүү убагында эко-аудиттен ийгиликтүү өткөн туристтик ишканалар тастыктоочу сертификаттар жана алтын, күмүш, коло категорияларында атайын сапат белгилери менен сыйланышты. Жыйынтыгында 5 туробъект алтын утуп алды жана 18 туробъектиге күмүш жана коло сапта белгиси ыйгарылды. Ал эми шайкештик сертификаттары Кыргызстандын Жашыл Альянсынын сертификатталган объектилердин бирдиктүү реестрине катталды.    

Бардык каалаган ишкерлер эко-сертификация боюнча алдын ала онлайн өзүн өзү баалоо тестинен өтө алышат. Анда ар бир суроого жооп берүү керек жана система жыйынтыгы боюнча сиздин компаниянын «экологиялык» деӊгээлин автоматтык түрдө эсептейт.   

Шилтеме: https://green.climatehub.kg/tests/

Экологиялык сертификация категориясы 2 жылга берилет. Туробъектилер «жашыл» технологияларды акырындык менен ишке киргизүүгө жана жогорку сыйлык – Платинага умтула алышат.

Бизге жазыӊыз