
Архитекторлор, долбоор түзүүчүлөр, энергетиктер, жылуулук техника инженерлери жана башка адистер үчүн имараттарды энергетикалык сертификациялоонун негиздери.
ЮНИСОН Групп инженерлери ушул темадагы семинарлар сериясын буга чейин бүткүл Кыргызстан боюнча баштаган. Биринчи семинар 2025-жылдын 4-февралында Баткен шаарында ийгиликтүү өткөн – анын ишине мамлекеттик мекемелердин 20 чакты эксперти катышып, баалуу тажрыйба алмашышкан.
Семинарларга ЮНИСОН Групп инженерлери Салават Соронбаев жана Оксана Гудкова спикерлик кылууда.
Семинарлардын темалары:
- Курулуштагы энергия үнөмдөөнүн заманбап ыкмалар
- Энергетикалык сертификациялоонун мыйзамдык негиздери
- Аккредитация жана сертификация
- Энергетикалык сертификациялоонун инструменттери жана методологиясы
Ошондой эле, сертификациялоо үчүн инструменттерди практикалык пайдалануу, сертификаттары мамлекеттик реестрге каттоону талкуулоо өтөт.