
Таластын туристтик объектилерине ПЭРЭТО эксперттери жүргүзгөн энергоаудиттин жыйынтыгы тапшырылды. Бул жөнүндө долбоордун Талас ш. консультанты Тилек Токтокожоев айтып берди. ПЭРЭТО эксперттери Жаныбек Кулумбетов менен Айдар Канатбеков өткөн жылы Талас облусунда беш туристтик объектиде: «Мейман Дос» мейманканасы, «Кишимжан» жана «Талас» конок үйлөрү, «Ак-Куу» жана «Жыргал» ресторандары үчүн энергоаудит жүргүзгөн болчу.
Текшерүүнүн жүрүшүндө имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга тиешелүү бир катар каталар аныкталган: пластик терезелер туура эмес орнотулган, тегерек четине курулуш көбүгү аз толтурулган же завод пластигинин ордуна колго жасалган металл профиль сатып алынган.
Айтсак, көптөгөн туробъектилер дубалдарды, шыпты, полду жарым-жартылай жылуулап койгон, бул болсо комплекстүү жылуулоого салыштырмалуу энергия үнөмдөө үчүн жетишсиз чаралар болуп саналат. Тепловизор менен сүрөткө тартуунун жүрүшүнөн даярдалган отчет жылуулук жоголгон бардык көйгөйлүү жерлерди, желдетүү тутумундагы каталарды көрсөтүп берет.
Энергоаудиттин натыйжасынын негизинде, эксперттер туробъектилердин ээлерине кемчиликтерди четтетүү жана заманбап «жашыл» чараларды колдонуу ыкмалары боюнча өз сунуштарын беришти. Мындан тышкары, жылуулук насосторунун, күн панелдери менен коллекторлордун керектүү кубаттуулугу, өзүн актоо мөөнөттөрү жекече эсептелди.
«Отчет толук маалыматтуу, көрүнүктүү жана түшүнүктүү жазылган себептүү чакан жана орто бизнестин бардык өкүлдөрү ПЭРЭТО долбооруна рахмат айтып, ыраазы болушту. Ишкерлер жакшы шыктануу алышты жана энергия үнөмдөөчү чараларды ишке ашыруу үчүн жазды күтүп жатышат», - деп белгиледи ПЭРЭТО консультанты Тилек Токтокожоев.