Бул жерден сиздер туруктуу өнүгүүгө, экологияга жана жашыл экономикага арналган, болуп өткөн жана алдыда күтүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө биле аласыздар. Биз эксперттер менен жаштарды жана кызыкдар тараптарды чогултуп, инновациялык чечимдерди жана биргелешкен иш-аракеттерди табуу үчүн талкууларды, форумдарды жана тренингдерди уюштурабыз.

Бишкекте 2025-жылдын 16-декабрында «Имараттарды энергиялык сертификаттоо: жаңыртылган методология жана санариптик инструменттер» аттуу мастер-тренинг өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандагы энергия эффективдүүлүгүнүн келечектеги өнүгүүсүнө негиз боло турган жаңы ыкмаларды жана санариптик чечимдерді таанытуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

2025-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарында «Энергоэффективдүүлүк боюнча улуттук диалог: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечектер» аттуу иш-чара өтөт.
Өткөн окуялар

2025-жылдын 21-октябрында Бишкек шаарында Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуу программасынын (ЦАРЭС) Аялдардын бизнес-форуму болуп өттү. Форум Борбордук жана Батыш Азиядагы гендерге багытталган жашыл инновациялар боюнча маанилүү маселелерге арналды.

Бишкекте 2025-жылдын 11-апрелинде имараттардын энергетикалык классын эсептөөнүн жаӊы инструментин өздөштүрүү боюнча тренерлер үчүн тренингдердин (ToT) гибриддик онлайн-оффлайн окутуу сериясынын үчүнчү сессиясы болду.
Кимдер үчүн: архитекторлор, инженерлер, энергия натыйжалуулук боюнча консультанттар.

Бишкекте 2025-жылдын 3-апрелинде имараттардын энергетикалык классын эсептөөнүн жаӊы инструментин өздөштүрүү боюнча тренерлер үчүн тренингдердин (ToT) гибриддик онлайн-оффлайн окутуу сериясынын экинчи сессиясы болду.

2025-жылдын 28-мартында Бишкекте имараттардын энергетикалык натыйжалуулук классын эсептөөнүн жаӊы инструментин өздөштүрүү боюнча онлайн-тренинг өттү.
Тренингдер энергетика, энергия натыйжалуулук, курулуш, жылуулук техникасы жана имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча сертификатталган адистерди, архитекторлорду даярдаган жогорку окуу жайларынын окутуучуларына жана ушул тармакта иштеген эксперттерге багытталган.

Тренинг Мамкурулуштун аймактык адистеринин жана жашыл курулуш жана энергияга үнөмдүү чечимдер жаатындагы кызыкдар тараптардын потенциалын чыӊдоого багытталган. Катышуучулар окуудан реновациянын заманбап ыкмалары, энергиянын альтернативдүү булактары, энергия натыйжалуу жабдуулар жана имараттарды комплекстүү жылуулоонун жолдору жөнүндө практикалык билим алышат.