Категория:
Датасы:
- Октябрь 2023-ж. - Июнь 2025-ж.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү – ЕРӨБ
Долбоордун максаты Кыргыз Республикасындагы техникалык билими жок жергиликтүү консультанттардын жергиликтүү чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө (ЧОБ) берген ишкер-кеӊештеринин сапатын жогорулатуу максатында дараметин жакшыртуу жана бизнес-консультацияларга жашыл трансформация элементтерин киргизүүгө мүмкүндүк берүү болуп саналат.
- Өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн: укуктук базаны, жергиликтүү тарифтерди, жергиликтүү практиканы, энергия үнөмдөөгө инвестициялоо үчүн жеткиликтүү финансылык инструменттерди эске алуу менен тиешелүү окуу материадарын иштеп чыгуу.
- Тренингдин жалпы мазмунун консультанттардын өзгөчө муктаждыктарына ылайыкташтыруу жана даярдоо.
- Ар кыл тармактардагы энергия натыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологиялардын түрлөрү жөнүндө түшүнүктү жана билимди кеӊейтүү;
- Энергия натыйжалуулук боюнча иш-чаралардын техникалык-экономикалык негиздемелер боюнча базалык билимди алдыӊкы тажрыйбага жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүп берүү;
- Жергиликтүү ЧОИ үчүн энергия натыйжалуулук чөйрөсүндөгү алда канча актуалдуу чечимдерди аныктоо үчүн негизги инструменттер менен тааныштыруу;
- Энергия натыйжалуулуктун негизги эсептөөлөрүн, ресурстардын наркынын финансылык таасирин жана энергия жана СО2 көрсөткүчтөрүн талдоо менен тааныштыруу;
- Кадимки бизнес моделин «жашыл» мамилелери бар долбоорго айлантууга басым жасоо менен электр энергияны керектөө мониторинги жөнүндө билимди өткөрүп берүү;
- Экологиялык көйгөйлөрдү бизнес мүмкүнчүлүктөргө айлантуу темасын ачып берүү жана консультанттар «жашыл» мамилеге интеграциялоо үчүн колдонгон бизнес-кеӊештер үчүн көндүмдөрүн өнүктүрүү;
- КР Эл аралык милдеттенмелери боюнча ченемдик-укуктук актылары, бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн өлкөнүн стратегиялык пландары менен тааныштыруу;
- Бизнестин ар кандай тармактарына жашыл технологияларды киргизүүнүн ийгиликтүү практикалары менен тааныштыруу.