Категория:
Датасы:
- 2023 - 2025
Локация:
- Кыргызстан
Дүйнөлүк Банк
Кыргызстнда жылуулук менен туруктуу камсыздоонун жол картасы иштелип чыгат. Бул булганган абанын өлкөнүн калкына, өзгөчө Бишкекте экологиялык коркунуч келтирип жатканына байланыштуу.
ЮНИСОН Групп Дүйнөлүк Банк колдоого алган ушул долбоорду ишке ашыруучу болуп саналат.
Демилгенин максаты – курулуш сектору үчүн туруктуу жылытуунун жол картасын иштеп чыгууда Кыргызстандын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат, анда экологиялык жактан таза жылытууга акырындык менен өтүүгө багытталган иш-чаралардын мөөнөтү жана наркы аныкталат.
Кышкы мезгилде турак жай имараттарын катуу отун менен жылытуу атмосфералык абаны булгоонун негизги булактарынын бири болуп саналат. Көпчүлүк үй чарбалары, өзгөчө кирешеси төмөн үй-бүлөлөр негизги жылытуу булагы катары катуу отун жагылган салттуу мештерди пайдаланышат. Мындан тышкары, техникалык тейлөөгө жана реконструкцияга инвестициялар жетишсиз болгондуктан борбордоштурулган жылуулук менен камсыз кылуу объектилери начар абалда турат.
Жылуулук жана электр энергия тарифтери чыгымдарды ордун толтуруу деӊгээлинен бир кыйла төмөн, бул объектилердин абалынын начарлашына жана субсидияларга көз каранды болушуна алып келет, ошондой эле акыркы керектөөчүлөрдүн энергияны үнөмдөөгө инвестиция жумшашына түрткү бербейт.