Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Жарандык коомго керектөөчүлөрдүн укуктары жана энергияны үнөмдөө боюнча маалыматтык кампанияларды жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү - Ноябрь 2015-ж. - Март 2016-ж.

Локация:

Колдоо: 

USAID

Статус: 
Аяктаган

Керектөөчүлөрдүн укуктары жана энергия үнөмдөө боюнча төмөнкүдөй милдеттерди чечүү үчүн кеӊири масштабдагы республикалык маалыматтык кампанияны жүргүзүү:
Алдыда турган кыш мезгилинде электр энергияны пландуу өчүрүүлөргө туруктуу болушу үчүн жарандарга үй чарбасынын ийкемдүүлүгүн жакшырткан практикалык чечимдерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү,
Керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жолу менен керектөөчүлөргө коррупциялык ыкмалардан качууга жардам берүү;
Керектөөчүлөрдүн милдеттенмелери жана үйдө жана кеӊседе энергия үнөмдөөнүн практикалык ыкмалары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу аркылуу энергия керектөөнү төмөндөтүү;
Кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, энергетика секторунун мекемелерине коомдук ишенимди жогорулатууга көмөктөшүү;
Долбоордун коштоочу бөлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
Коммуникация боюнча эл аралык консультант менен биргеликте керектөөчүлөргө маалымат берүүчү ар жылкы «Юнисон» коммуникациялык планын иштеп чыгуу, ишке ашыруу, мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
Консультанттын жана веб-программисттин колдоосунда энергияны керектөөчүлөр үчүн маалыматтык порталды жаӊылоо http://zppe.net.kg/ru/  

 

Долбоордун өнөктөштөрү: 
  • Климатическая сеть Кыргызстана (КСК)
  • Сеть общественных центров защиты прав потребителей энергии;
Кызматтардын тизмеси: 
  • Ар кайсы аймактардан келген айыл тургундары менен фокус-топторду өткөрүү; 
  • Сунуштарды эске алуу менен иштелип чыккан конкреттүү жөнөкөй кеңештер менен орус тилинде “Энергияны үнөмдөө жана энергияны керектөө боюнча 100 практикалык кеңеш” жана кыргыз тилинде “Энергия менен камсыздоо жана энерганы падалануу боюнча 100 практикалык кеңеш” брошюрасын даярдоо; 
  • «Билип ал, колдон, уномдо!» дубал календарын даярдоо. 
  • Тренерлерди даярдоо (TOT) 
  • Коомдук лекциялар 
  • Энергияны үнөмдөө боюнча улуттук конференция өткөрүү 
  • Элдик лекциялардан кийин мониторинг жүргүзүү
Натыйжасы/ Жыйынтыгы: 
  • «Энергияны үнөмдөө жана энергияны керектөө боюнча 100 практикалык кеңеш» жана «Энергия – 100 жыл ичинде дүйнөдөгү энергияны натыйжалуулуктун ачкычы» деген брошюралардын 25 миң нускасы. 
  • «Билип ал, колдон, уномдо!» дубал календары 100 мин нуска. керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча 7 пайдалуу кеңештерди жана үйдөгү жылуулук жоготууларды азайтуу боюнча сунуштарды камтыйт. 
  • 4 тема боюнча – гидроизоляция, сейсмикалык туруктуулук, желдетүү, жылытуу боюнча ачык лекцияларды жана консультацияларды өткөрүү боюнча 25 адис даярдалган; 
  • 506 иш-чара өткөрүлдү, катышуучулардын ырасталган саны – 20 631 адам. Катышуучулардын 25-30%ы каттоо баракчаларына кол калтырышкан эмес. Жалпысынан катышуучулардын жалпы саны 26 миңден ашуун адамды түздү. 
  • Лекцияларга коңшу айылдардан (бир айыл округунан) катышуучулар келишти; эсептөөлөр боюнча, камтылган айылдардын саны 575 калктуу пункттарды түздү, Энергияны керектөөчүлөр үчүн портал жаңыртылды, иштелип чыкты жана ишке киргизилди http://energy.unison.kg/ 
  • 71 адамдын катышуусунда «Энергия эффективдүүлүгү жана керектөөчүлөр үчүн энергияны үнөмдөө» улуттук конференциясы, катышуучулардын тизмеси боюнча, 
  • Кошумчалай кетсек, акциянын өнөктөштөрүнүн, КР Энергетика/экономика министрлигинин жана энергетикалык компаниялардын өтүнүчү боюнча «НЕСК» ААКнын кызматкерлери, басма сөз кызматтары жана Борбордук энергетика башкармалыгынын, Нарынтеплокоммунэнерго, Кыргызжилкомунсоюз, 50 калктуу конушта иш-чаралар өткөн жерлерге баруу менен жеринде мониторинг жүргүзүү, ар бир айылдан 3-5 адамды, анын ичинде ачык лекцияларды уюштурууга катышкан адамдарды (акимдер, райондук администрациялардын башчылары ж.б.) түз сурамжылоо менен; 
  • Каттоо баракчаларында көрсөтүлгөн байланыштар боюнча иш-чаранын 220 катышуучусу менен телефон байланышы, колдонулган чаралар тууралуу түз суроо менен. 
  • Юнисон Фондунун уюмун Юнисон Групп уюмдарынын альянсы кылып реструктуризациялоо, жаңы логотип, веб-сайт жана жаңы түзүлгөн коммуникация максаттары, пикирлерди эсепке алуу системасы жана баарлашуунун бардык мүмкүн болгон жана эффективдүү жолдорун жана ыкмаларын колдонуу.
Бизге жазыӊыз