ЮНИСОН Групп энергетиканы башкаруу, туруктуу жана кайра жаралуучу энергия менен камсыздоо, энергия натыйжалуулук, жашыл технологиялар, жашыл финансы, климаттын өзгөрүү кесепеттерин жоюу жана курчап турган чөйрө сыяктуу багыттарда туруктуу чечимдерди сунуштоого адистешкен кесипкөй эксперттик-аналитикалык уюм, бул аны Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө өз салымын кошуп жаткан алдыӊкы уюмдардын бири кылат.
Сиздер веб-сайттар, электрондук почта, социалдык тармактардагы баракчалар жана башка онлайн-сервистер аркылуу ЮНИСОН менен онлайн режимде өз ара аракеттене аласыздар.
Купуялык саясатта ушул ар бир кызмат үчүн сиздер биз менен байланышкан же биздин кызматтардын бирин пайдаланган учурда сиздин жеке маалыматыӊызга карата жасала турган иш-аракеттер берилген. Анын ичинде, ушул Купуялык саясат төмөнкү иш-аракеттерди түшүндүрөт:
- сиз биздин сайтты окуганда, биз менен баарлашканда же башка жол менен бизге жеке маалыматыӊызды берген учурда биз сиздин жеке маалыматты пайдаланабыз;
- биз сиздин жеке маалыматка кол тийбестик укугуӊузду сыйлайбыз.
Биз чогулткан жеке маалымат
Биз менен биргеликте кандай аракеттенгениӊизге жараша сизден ар кандай маалыматтарды жыйнайбыз.
Онлайн режимде маалымат жыйноо: сиздер электрондук почта менен билдирүү алуу үчүн катталганда, электрондук почта боюнча сурам жибергенде, иш-чараларга жазылганда же биздин жөнөтмөлөрдүн башка бөлүмдөрүнө катышкан учурларда сиз жөнүндө жеке маалыматтарды чогултабыз.
Сиздин кандай Кызматтар менен бирге аракеттенип жатканыӊызга жараша чогултулган маалымат ар кандай мааниде болушу мүмкүн, мисалы:
- Мисалы аты-жөнүӊүз жана электрондук почта сыяктуу сиз өзүӊүз берүүнү чечкен идентификаторлор жана байланыш даректер;
- Сиз электрондук почта же социалдык тармактар аркылуу бөлүшкүӊүз келген электрондук каттар, билдирүүлөр, посттор жана башка билдирмелер жана маалыматтар;
Сиздин маалыматты биз кандай пайдаланабыз
Биз сиз жөнүндө чогултулган жеке маалыматтарды төмөнкү максаттарга пайдаланабыз:
- биздин Кызматтарды колдонуу, өнүктүрүү, жакшыртуу жана колдоо;
- кайра иштетүү жана байланыш;
- сиздерди жаӊылыктар, маалымат бюллетендери, маалыматтар, башка изилдөөлөр жана/же билдирүүлөр менен камсыз кылуу;
- сиздердин суроо-талаптарга жана каалоолорго жооптор;
- сервистин функциясына, ошондой эле кампанияларга, долбоорлорго, иш-чараларга жана сурамжылоолорго катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо;
Маалыматтык-пропагандалык ишмердүүлүк жана байланыш
Биз ЮНИСОН Групп жөнүндө жаӊылыктарды жана жөнөтмөлөрдү, анын ичинде долбоорлор жана дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтарды жана биздин ишке кантип салым кошо аларыӊыз жөнүндө билдирүүлөрдү электрондук почта аркылуу жиберүү үчүн сиздин жеке маалыматыӊызды өзүӊүздүн макулдугуӊуз менен пайдаланабыз.
Биз мындай билдирүүлөрдү төмөнкү байланыш каражаттары аркылуу жиберебиз:
- электрондук почта;
- телефон;
- социалдык тармактардагы билдирүүлөр;
- убакыттын өтүшү менен актуалдуу болгон башка каражаттар менен жөнөтөбүз.
Сиздер каалаган учурда биздин жөнөтмөлөрдөн баш тарта аласыздар, ал үчүн unisongroup.org дарегине жазып же билдирүүлөргө катталуудан баш тартуу боюнча көрсөтмөнү аткаруу керек.
Коопсуздук жана сапат
ЮНИСОН Групп сиздер берген жеке маалыматты коргоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрөт. Биз сиздердин жеке маалыматтарды уруксатсыз алуудан, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан коргоо үчүн ар кандай технологияларды жана коопсуздук жол-жоболорун пайдаланабыз.
Биз сиздер берген бардык жеке маалыматтардын тактыгын сактоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды жасайбыз. Сиздин дарегиӊиз, кызмат ордуӊуз, телефон номериӊиз же электрондук почта дарегиӊиз өзгөргөн болсо, бул жөнүндө ЮНИСОН уюмуна билдирүү менен өзүӊүздөрдүн жеке маалыматты жаӊылоого жана тактыгын камсыз кылууга жардам бере аласыздар.
Маалыматты Интернет аркылуу берүү толук ишенимдүү эмес жана мында биз маалыматтын коопсуздугуна кепилдик бере албайбыз. Маалыматты мындай жол менен берүү сиздин жеке тобокелчилик менен ишке ашырылат.
Башка веб-сайттарга шилтемелер
Жөнөтмөлөрдө үчүнчү жактарга таандык башка сайттарга шилтемелер камтылышы мүмкүн. Ал сайттар ушул Купуялык саясатка баш ийбейт жана биз башка сайттардын купуялыкты камсыз кылуу ыкмалары үчүн жооп бербейбиз. Сиздер биздин жөнөтмөлөрдөн жана сайттардан башка шилтемелерге өтүүдө бул жөнүндө билишиӊиздер керек жана биз башка сайттардын купуялык жоболору менен таанышууну сунуштайбыз.
Персоналдык маалыматка уруксат жана аны өчүрүү
Сиз бизде болгон жеке маалыматыӊыздын көчүрмөсүн сурап жана бардык так эместиктерди оӊдой аласыз. Сиз бизде сакталып турган жеке маалыматыӊызды өчүрүүнү сурасыӊыз болот. Ал үчүн ушул суроолор боюнча unisongroup.org дарегине сурам жөнөтүү керек (мүмкүн болсо электрондук почта дареги менен).
Өзгөртүүлөр, контроль жана суроолор
ЮНИСОН Групп ушул Купуялык саясат боюнча комментарийлерди жана суроолорду кабыл алат. Биз сиздин купуялыкты коргоого умтулабыз жана сиздердин маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдон келген бардык күч-аракеттерди көрөбүз. Интернеттеги тездик менен өзгөрүп жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу биз ушул Купуялык саясатты жаӊыртып турабыз. Андыктан ушул Купуялык саясат менен дайыма таанышып туруу биз кандай маалыматты чогултуп, аны кантип пайдалана турганыбыз тууралуу билип турууга мүмкүндүк берет. Эгерде сиз өзгөрүүлөргө макул болбосоӊуз маалыматтык дайджести пайдаланууну улантпаӊыз.
Биз менен байланышыӊыз
Эгерде сиздерде ушул Купуялык саясат же биздин купуялыкты камсыздоо ыкмаларыбыз боюнча суроолор пайда болсо, анда ушул даректер боюнча бизге кайрылыӊыздар:
Башкы кеӊсе:
Бишкек, Кыргызстан
720011, Сүйүмбаев көчөсү, 181а
Тел.: +996 312 901 216
Факс: +996 312 901 216
E-mail: office@unisongroup.org