Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

ЮНИСОН Групп уюмунан имараттардын энергоаудити

ЮНИСОН Групп комплекстүү диагностика, талдоо жана энергия керектөөнү оптимизация кылууну сунуштайт
Сапаттуу энергоаудит аркылуу имаратыӊыздын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатыӊыз, чыгымдарды кыскартыӊыз жана мыйзамга ылайык келтириӊиз.

Энергоаудит деген эмне?

Энергоаудит – бул энергетикалык натыйжалуулук деӊгээлин жана энергия ресурстарын жоготууну аныктоо максатында имаратты жана анын инженердик системаларын ар тараптуу изилдөө.
Ал объектинин учурдагы чыныгы абалы жөнүндө түшүнүк алууга, ошондой эле аны жаӊылоо жана чыгымдарды кыскартууга сунуш берүүгө мүмкүндүк түзөт.

Энергоаудит эмне үчүн керек?

  • Энергиянын көмүскө жоготууларын аныктоо:

Натыйжалуу эмес конструкция, эскирген жылытуу системасы, жылуулуктун чыгып кетиши, жабдууну туура эмес колдонуу жалпы энергия керектөөнүн 30-40% чейинки көлөмүндөгү жоготууларга себепкер болушу мүмкүн.

  • Энергия ресурстарына чыгымдарды азайтуу:

Сунушталган чараларды колдонууга киргизүүдөн кийин жылытууга, электр энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого чыгымдар орточо 15% тартып 40% чейин төмөндөйт.

  • Мыйзамга шайкеш келтирүү:

КР «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Мыйзамы мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарды энергоаудит өткөрүүгө жана энергетикалык паспорт алууга милдеттендирет.

  • Энергетикалык сертификат алууга даярдык:

Энергетикалык сертификат кыймылсыз мүлк объектилерин сатууда, ижарага берүүдө же капиталдык ремонт кылууда милдеттүү болуп саналат.

  • Компаниянын экологиялык профилин жакшыртуу:

Энергоаудит — ESG-стратегияны ишке ашыруу жана көмүртек изин төмөндөтүү жолундагы маанилүү кадам.

Энергоаудит кызматына эмнелер кирет?

I. Комплекстүү изилдөө:

  • Жылуулук чыгып кетүүчү жылчыктарды жана «суук тарткан жерлерди» аныктоо үчүн бардык тосмо конструкцияларды (дубалдар, терезелер, чатыр, эшиктер) тепловизор менен сүрөткө тартып изилдөө.
  • Төмөнкү инженердик системалардын техникалык абалына баа берүү:

– Жылытуу

– Муздак жана ысык суу менен камсыздоо

– Электр кубаты менен камсыздоо жана жарыктандыруу

– Желдетүү жана абаны кондициялоо

  • Энергияны эсепке алуу системасын талдоо:

Орнотулган эсептегичтердин тууралыгын жана керектөөнү эсепке алуунун тактыгын текшерүү

 II. Энергетикалык талдоо:

  • Имараттардын энергетикалык натыйжалуулук классын шкала боюнча эсептөө (A тартып G чейин)
  • Имараттын энергетикалык паспортун түзүү – техникалык мүнөздөмөсү, керектөө жана сунуштамалар жөнүндө маалыматтар камтылган расмий документ.
  • Энергетикалык балансты куруу – канча энергия керектелет, кайда жана кантип жоготулат.

III. Практикалык чечимдер:

  • Энергия натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча техникалык сунуштарды иштеп чыгуу
  • Төмөнкүдөй конкреттүү жаӊылоо чараларын сунуштоо:

-  Фасад, чатыр жана жер төлө жайларын жылуулоо
-  Терезе жана эшиктерди энергия үнөмдүү эшик-терезелерге алмаштыруу
-  Заманбап жабдууларды орнотуу (отказандар, насостор, LED-жарыктандыруу ж.б.)
-  Климатты башкаруунун автоматташкан системаларын интеграция кылуу

  • Инвестициялардын экономикалык негиздемеси:

Сунушталган иш-чаралардын наркын жана алардын өзүн актоо мөөнөтүн эсептөө

Биздин кызматтар кимдер үчүн ылайыктуу?

  • Коммерциялык кыймылсыз мүлк:

Кеӊсе имараттары, бизнес-борборлор, соода жайлары, мейманканалар, ресторандар

  • Жеке менчик үйлөр жана коттедждер:

Капиталдык ремонт жасоону же чыгымдарды азайтууну пландап жаткан турак жай ээлери

  • Өнөр жай объектилери

Ишканалар, логистикалык борборлор, кампалар

  • Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер:

Мектептер, ооруканалар, акимчиликтер, спорткомплекстер, мадания мекемелер ж.б.

Эмне үчүн ЮНИСОН Группту тандашат?

  • Эксперттик жана практикалык тажрыйба:

22 + жыл туруктуу курулуш жана энергетикалык натыйжалуулук чөйрөсүндөгү эмгектенүү

  • Заманбап усулдар жана жабдуулар:

Эсептөөлөргө сертификатталган приборлорду жана алдыӊкы ыкмаларды колдонобуз.

  • Жекече мамиле:

Биз чечимдерди сиздердин максатка, бюджетке жана жактырууӊузга ылайыкташтырабыз.

Чыгымдарды кыскартууга жана натыйжалуулукту жогорулатууга даярсызбы?

ЮНИСОН Групп уюмунан азыр энергоаудит чакыртыӊыздар – жана учурдагы жылытуу сезонуна карата энергия чыгымдарын азайтуу боюнча эӊ сонун план алыӊыздар.
Биз сиздерге үнөмдөөгө гана эмес, имаратты эртеӊки күндүн талаптарына даярдоого жардам беребиз.
Консультация алуу же долбоордун наркын эсептөө үчүн биз менен байланышыӊыз.

 

5 из 5
Бөкөнбаев айылындагы «Бел-Там» боз үй лагери экологиялык сертификациядан өттү жана ПЭРЭТО долбоорунун алкагында «Күмүш» категориясы менен сыйланды.
Биз 2023-жылы 28-ноябрда Юнисон Групп кеӊсесинде өткөн «Коомдук имараттар үчүн энергетикалык жана сейсмикалык аудит» темасындагы семинар-тренинг ийгиликтүү аяктаганын кубануу менен билдиребиз.
Ысык-Көлдөгү «Кочевник» конок үйү экологиялык жактан таза энергия өндүрүүгө умтулууда. Чакан туробъект 2016-жылы курулган, жалпы 35 орунга эсептелген жана жыл бою иштейт. Жайкысын коноктордун 80% Россия, Казакстан, КМШ жана Европадан кабыл алат, 20% жергиликтүү калк түзөт. Ал эми кышкы коноктордун...
Таластын туристтик объектилерине ПЭРЭТО эксперттери жүргүзгөн энергоаудиттин жыйынтыгы тапшырылды. Бул жөнүндө долбоордун Талас ш. консультанты Тилек Токтокожоев айтып берди. ПЭРЭТО эксперттери Жаныбек Кулумбетов менен Айдар Канатбеков өткөн жылы Талас облусунда беш туристтик объектиде: «Мейман Дос...
ПЭРЭТО долбоорунун эксперттери Салават Соронбаев жана Айдар Канатбеков Жалал-Абад ш. ПЭРЭТО консультанты Асылбек Абдыкадыров менен биргеликте 10 туристтик объектиде энергетикалык аудит жүргүздү, алар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Ала-Бука а. «Тынчтык» конок үйү, «Хан Ордо» рестораны...
Бизге жазыӊыз